Menü
Эл-Сөздүк

Камсыздалбаган кредиттер

Кредиты, не имеющие обеспечения в виде залога, соответствующего требованиям.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Камсыздалбаган кредиттер

Kırgız Rusça
Тиешелүү талаптарга жооп берген күрөө түрүндө камсыздоого ээ кредиттер. Кредиты, имеющие обеспечение в виде залога, соответствующего требованиям.
Тиешелүү талаптарга ылайык күрөө түрүндөгү камсыздоого ээ болбогон кредиттер. Кредиты, не имеющие обеспечения в виде залога, соответствующего требованиям.
Банк секторунан экономикага жумшалган кредиттер 2,9 пайызга өсүп, депозиттик база 2,3 пайызга көбөйгөн. Кредит в экономике из банковского сектора увеличились на 2,9 процента, а депозитная база увеличилась на 2,3 процента.
Экономиканын бардык секторлорунда кредиттер жана насыялар (займ) боюнча айкын милдеттенмелердин орду жабылбаган калдыгы. Остаток непогашенных фактических обязательств по кредитам и займам всех секторов экономики.
Бир дагы мектеп толук көлөмдө ыңгайлуулуктар менен камсыздалбаган. Көптөгөн мектептерде жылытуу, жарыктандыруу, электр жетишпейт. Ни одна школа не имеет достаточно туалеты и многие школы не имеют отопление, освещение и электричество.
Фирмалар ортосундагы карызды эске албаганда, экономиканын бардык секторлорунда кредиттер жана насыялар (займдар) боюнча айкын милдеттенмелердин орду жабылбаган калдыгы. Остаток непогашенных фактических обязательств по кредитам и займам всех секторов экономики за исключением межфирменной задолженности.
Бул, пайыздык киреше алып келген активдер (кредиттер, баалуу кагаздар жана башкалар). Эрежедегидей эле, булар банктын балансына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында колдонулат. «Работающие» активы – это активы (кредиты, ценные бумаги и другие), приносящие процентный доход. Применяются, как правило, для целей анализа баланса банка.
1) Катышуучулар чөйрөсү алкагында кредиттер жана баалуу кагаз түрүндө кыска мөөнөткө каражаттарды берүү жана алуу ишке ашырылган рынок.
2) Кредиттер жана баалуу кагаздар формасында кыска мөөнөттүү ресурстар рыногу
1) Рынок, на котором имеет место предоставление и получение средств в форме кредитов и ценных бумаг на короткий срок в пределах круга участников.
2) Рынок краткосрочных ресурсов в форме кредитов и ценных бумаг
Рыноктук кредиттерге жана насыяларга (займдарга) караганда карызгер үчүн кыйла алгылыктуу шарттарда берилген кредиттер жана насыялар. Мында жеңилдик, пайыздык чендерди рыноктогуга караганда кыйла төмөн деңгээлде белгилөөнүн же жеңилдик мезгилин берүүнүн эсебинен же тигини жана муну да айкалышта сунуштоонун эсебинен камсыз кылынат. Жеңилдетилген кредиттер жана насыялар эрежедегидей эле, узакка созулган жеңилдик мезгилинин берилишин болжолдойт. Кредиты и займы, предоставляемые на значительно лучших для заемщика условиях, чем рыночные кредиты и займы. Льготность обеспечивается либо за счет установления процентных ставок на более низком уровне, чем уровень ставок на рынке, либо за счет предоставления льготного периода, либо за счет сочетания и того, и другого. Льготные кредиты и займы, как правило, предусматривают длительные льготные периоды.
Карыздык инструменттер, эрежедегидей эле, келишимдик мамилелердин негизинде келип чыгат, ага ылайык бир институционалдык бирдик (карызгер) башка институционалдык бирдик (кредитордун) алдында пайыздары менен же пайыздарды төлөөсүз негизги сумманы кайтарып берүүгө же негизги сумманы кайтарып бербестен пайыздарды төлөөгө шартсыз милдеттенмени өзүнө алат. Карыздык баалуу кагаздар, кредиттер жана насыялар, соодалык кредиттер, ошондой эле нак валюта жана депозиттер мына ушундай инструменттердин катарына кирет. Карыздык инструменттер ошондой эле, мыйзам нормаларын аткаруу аркылуу (эң оболу бул, салыктарды төлөө же башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерге кирет) же жакын арада кредиторго төлөм төлөө милдеттенмесинин карызгер тарабынан алынышын шарттаган укуктардын жана милдеттердин негизинде да келип чыгышы мүмкүн. Долговые инструменты, как правило, возникают на основе договорных отношений, в соответствии с которыми одна институциональная единица (заемщик) несет перед другой институциональной единицей (кредитором) безусловное обязательство возвратить основную сумму с процентами или без уплаты процентов, или выплачивать проценты без возврата основной суммы. В число таких инструментов входят долговые ценные бумаги, кредиты и займы, торговые кредиты, а также наличная валюта и депозиты. Долговые инструменты могут создаваться также посредством приведения в исполнение норм закона (прежде всего, это относится к обязательствам по уплате налогов или других обязательных платежей) или на основании прав и обязанностей, влекущих за собой принятие заемщиком обязательства о производстве в будущем платежа (платежей) кредитору.
Кредитор тарабынан карыз алуучуга өз учурунда кайтаруу, мөөнөтүндө төлөө жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында берилген каражат. Кредиттер төмөнкүдөй негизги формаларга бөлүнөт: а) ишканалардын, фирмалардын жүгүртүү каражаттарын топтоо үчүн каралган, бир жылга чейинки мөөнөткө берилген кыска мөөнөттүк кредит; б) инвестициялык капитал катары пайдаланылган, бир жылдан ашкан мөөнөткө берилген узак мөөнөттүү кредит; в) кепилдик, камсыздоо алдында берилген гарантиялык кредит; г) мамлекет карыз алуучу катары, ал эми мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар кредитордун ролунда иш алып барган мамлекеттик кредит; д) банктар тарабынан акчалай формада сунушталган банктык кредит; е) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө сунушталган жана керектөө муктаждыктарын канааттандыруу үчүн колдонулган керектөө кредиттери; ж) карыздык милдеттенмелер боюнча юридикалык жактар жана жеке адамдардын бири-бирине берген же сатуучулар тарабынан сатып алуучуларга товардык формада сунушталган (бөлүп төлөө шартында сатуу) коммерциялык кредиттер; з) сатып жаткан тараптын товарларын сатып алуу үчүн сатуучу тарабынан сатып алуучу тарапка аванс формасында сунушталган эл аралык (чет өлкө) кредиттер; и) кыймылсыз мүлктү күрөөгө алуу менен берилген ипотекалык кредит. (От лат. credit он верит) – 1) Средства, предоставляемые кредитором заемщику на условиях возвратности, срочности и платности за их использование. Различают следующие основные формы кредита: а) краткосрочный, выдаваемый на срок до года, предназначенный для формирования оборотных средств предприятий, фирм; б) долгосрочный, предоставляемый на срок свыше года и используемый в качестве инвестиционного капитала; в) гарантированный, предоставляемый под гарантию, под обеспечение; г) государственный, в котором в качестве заемщика выступает государство, а в роли кредитора – физические и юридические лица, приобретающие государственные ценные бумаги; д) банковский, предоставляемый банками в денежной форме; е) потребительский, предоставляемый потребителям товаров и услуг и используемый для удовлетворения потребительских нужд; ж) коммерческий, предоставляемый юридическими и физическими лицами друг другу по долговым обязательствам или предоставляемый в товарной форме продавцами покупателям (продажа в рассрочку); з) международный (иностранный), предоставляемый продающей стороной покупающей стороне в форме аванса для закупки товаров у продающей стороны; и) ипотечный, предоставляемый под залог недвижимости.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарынын көз карашынан алганда классификацияланбаган кредиттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Нормалдуу кредиттер – бул, кардардын өз милдеттен-мелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон акча каражаттарынын зарыл агымын, ошондой эле эң аз дегенде активдин суммасынын 120 пайызындагы, төмөнкүлөрдөн турган күрөө менен (заклад түрүндө) камсыздалган активдер тартылган кредиттер:
- кыска мөөнөттүү мамлекеттик казына векселдери;
- ошол банктагы депозиттик эсепте турган каражаттар;
- белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, листингдин эң жогорку жана андан кийинки категориялар боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингинде камтылган башка баалуу кагаздар.
2) Канааттандыраарлык кредиттер – бул, ошол учурга карата кредиттик тобокелдиктин келип чыгышы аны менен байланыштуу болбогон кредиттер. Эгерде, карыз алуучунун финансылык абалы алгылыктуу болуп, алынган карыздардын орду өз учурунда жабылган болсо, карыз алуучу төлөөгө жөндөмдүү болуу менен кредиттер жана пайыздар боюнча банкка төлөнүүчү төлөмдөрдүн кармалып калышына жол бербесе, ошондой эле кредиттерди кайтарып берүүнүн ишенимдүү гарантиясына ээ болсо, мындай шартта алынган кредиттер канааттандыраарлык болуп эсептелет, мында гаранттын финансылык абалы канааттандыраарлык болууга тийиш же төмөнкү формадагы кредиттин суммасы күрөөгө коюлушу зарыл:
- ошол банктагы депозит (б.а. ал кредит боюнча карызга чегерүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн),
- мамлекеттик милдеттенмелер,
- башка жогорку ликвиддүү активдер.
3) Байкоого алынган кредиттер – бул, классификациялоо учуруна карата канааттандыраарлык болуп саналган, бирок начарлоо тенденциясы байкалган кредиттер.
К неклассифицируемым кредитам с точки зрения регулятивных требований Национального банка Кыргызской Республики относятся:
1) Нормальные кредиты – это те кредиты, по которым генерируется необходимый поток денежных средств, достаточный для обеспечения выполнения клиентом своих обязательств, а также активы, обеспеченные, как минимум, на 120% от суммы актива залогом (в виде заклада), состоящим из:
- краткосрочных государственных казначейских векселей;
- средств, находящихся на депозитном счете в этом банке;
- других ценных бумаг, включенных в листинги фондовых бирж Кыргызской Республики по наивысшей и следующей за наивысшей категорией листинга в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, при условии соблюдения установленных минимальных требований.
2) Удовлетворительные кредиты – это кредиты, с которыми по состоянию на текущий момент не связано возникновение кредитного риска. Кредиты считаются удовлетворительными, если финансовое состояние заемщика хорошее, погашение задолженности производится своевременно, заемщик является платежеспособным, никогда не допускал задержек в платежах банку по кредитам и процентам, а также, если имеет надежные гарантии возврата кредитов, при этом финансовое состояние гаранта должно быть удовлетворительным, или имеется залог на сумму кредита в форме: - депозита в этом банке (то есть он может быть использован для зачета задолженности по кредиту),
- государственных обязательств,
- других высоколиквидных активов.
3) Кредиты под наблюдением – это кредиты, которые по состоянию на момент классификации являются удовлетворительными, но в них уже замечаются тенденции к ухудшению.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарына ылайык, классификациялануучу кредиттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Субстандарттык кредиттер – бул:
- төлөө мөөнөттөрү узартылган (30 күнгө чейин) кредиттер,
- кредиттик келишимге ылайык, пландык төлөмдөрү кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин (60 күнгө жана андан ары) узартылган кредиттер,
- кредиттин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын пайыздары жана негизги суммасы боюнча төлөм мөөнөттөрүн узартуу менен (30 күнгө чейин);
2) Шектүү кредиттер – бул:
- карыз алуучу финансылык абалынын начарлоосунун кесепетинен кредит боюнча пайыздарды гана эмес, анын негизги суммасы боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөй албай калган кредит,
- мөөнөтү бүткөндөн кийин да 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй калган кредит,
- пролонгациялоону кошо алганда, бир нече жолу реструктуризацияланган кредит,
- кардардын жоготууларын жана чыгымдарын улам көбөйткөн кредит,
- күрөөнүн рыноктук наркы төмөндөп, сапаты начарлап, анын ликвиддүүлүгү шектенүүнү жараткан кредит, ал эми күрөөнү баштапкы баада сатуу кыйынга турган кредит;
3) Жоготуу катары классификацияланган кредиттер – бул, төмөнкү бир же бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон кредиттер:
карыздын 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй узарып кетиши;
3 жолудан көбүрөөк пролонгацияланышы (узартылышы);
күрөөнүн жоктугу же рыноктук жагдайлардан улам аны сатуу мүмкүн эмес болсо;
кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы, же болбосо айкын ордун жабуусуз эле төлөп берүү ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи каражат алуу булагынын жоктугу; кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо; кардардын бизнесинин токтотулушу же анын банкрот абалда калышы.
Мында, жоготуу катары классификацияланган активдердин наркы өтө төмөн болгондугунан улам, алар банктын балансында нөлдүк наркта чагылдырылат.
Классифицируемым кредитам с точки зрения регулятивных требований Национального банка Кыргызской Республики относятся:
1) Субстандартные кредиты – это кредиты:
- с продленными сроками выплаты (до 30 дней),
- с просроченными плановыми платежами (60 дней и более) согласно кредитному договору, до истечения срока кредита,
- с просроченными платежами (до 30 дней) по процентам и основной сумме после окончания срока кредита.
2) Сомнительные кредиты – это кредиты по которым:
- заемщик перестал производить плановые платежи не только по процентам, но и по основной сумме в результате ухудшения финансового состояния,
- длительность просрочки кредита составляет более 90 дней, после окончания срока кредита,
- имеет место неоднократная реструктуризация кредита, включая пролонгацию,
- увеличиваются потери и убытки клиента,
- снижается рыночная стоимость залога, ухудшается качество, ликвидность залога является со- мнительной, залог – труднореализуемым по цене первоначальной оценки.
3) Кредиты, классифицируемые как потери – это кредиты, которые обладают одной или несколькими из следующих характеристик:
просроченная задолженность более 90 дней; пролонгация более 3-х раз;
отсутствие залога или невозможность его продажи из-за отсутствия рынка;
неспособность, отказ клиента погасить задолженность, либо намерение оплаты без осуществления реального погашения, и отсутствие вторичного источника для погашения актива;
нежелание клиента сотрудничать с банком либо отсутствие клиента;
прекращение работы бизнеса клиента либо объявление его банкротом.
При этом, активы, классифицированные как потери, имеют такую низкую стоимость, что отражаются на балансе банка по нулевой стоимости.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: